Малайзияда айыл чарба тармагында кызматташуу маселелери талкууланды

Малайзиянын Шах-Алам шаарында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев Селангор штатынын аткаруу кеңешинин мүчөсү, штаттын айыл чарба жана инфраструктура министри Изхам бин Хашим менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалыматында жазылат.

Жолугушууда мал чарбачылыкты жана этти кайра иштетүү багыттарына басым жасоо менен өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди өнүктүрүү маселелери талкууланды.

"Бул тармактар боюнча конкреттүү инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоо үчүн жакынкы арада эки өлкөнүн бизнес делегацияларынын өз ара иш сапарларын уюштуруу жөнүндө макулдашууларга жетишилди", - деп билдирет ТИМ.

Министрлик кошумчалагандай 15-ноябрда орун алган жолугушууга штаттын ишкерлер тобу дагы катышкан.

Маалымат үчүн: Селангор – Малайзиянын эң өнүккөн штаты, ИДПнын көлөмү эң жогору жана Малайзиянын бардык штаттарынын ичинен калкы көп штат болуп саналат. Ошондой эле жашоо деңгээли боюнча эң жогорку көрсөткүчкө ээ, жакырчылыктын деңгээли эң төмөн штат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан