Бишкекте ыплас ишке көмөктөшкөн шектүү кармалды

Бишкек шаарында сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшкөнгө шектелип 40 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Биринчи май районунун ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-ноябрь күнү саат 5:40 чамасында милицияга Чуйков көчөсүндө сойкукана уюштурулгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Маалыматты тактоо үчүн айтылган дарекке барган ыкчам тергөө тобу ал жерде кыздар интимдик кызмат көрсөткөндүгүн тастыкташкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө кыздар О. аттуу эркек киши аларга сойкулук жасаганга шарт түзүп бергенин жана түшкөн акча каражатынын жарымын өзүнө алып тургандыгын айтып беришкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 40 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан