Бишкектин Ак-Босого конушундагы жол капиталдык оңдоодон өттү

Бишкектин Ак-Босого конушундагы №101 мектебинин жолуна асфальт төшөлүп бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин аталган жолдун эски асфальты сыйрылып, бордюрларды жана ирригация системасын орнотуу жана асфальт төшөө үчүн даярдык иштери жүргүзүлүлгөн.

Ошондой эле окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугу үчүн тротуар капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, объекттеги негизги иштер аяктады. Жол белгилерин коюп, тиешелүү жол чийиндерин чийүү иштери пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан