Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия жана Монголия боюнча башкаруучу директору Озхан Хусейн жетектеген делегацияны кабыл алды. Бул туурасында бүгүн, 19-ноябрда калаа мэриясы кабарлады.

Анда “Бишкек автобустары, Транш II” долбоорунун абалы жана жылуулук менен камсыздоо боюнча потенциалдуу долбоорлор талкууланды.

"Бишкек автобустары, Транш II" долбоорунун максаты: кысылган жаратылыш газы – күйүүчү май менен иштеген автобустарды сатып алуу, автобазаны калыбына келтирүү жана жабдууларды сатып алуу. Долбоор Бишкек шаарын жаңыланган автобус паркы менен камсыздайт. Ал коомдук транспорттун транспорттук кызматтарынын ишенимдүүлүгүн жана сапатын жакшыртат, бул өз кезегинде абанын сапатына таасирин тийгизет жана парник газдарынын чыгарылышын азайтат", - деп жазылат анда.

Жунушалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар потенциалдуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга үмүт артышты.