Акыйкатчы Таласта тургундардын көйгөйлөрүн укту

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Талас облусунун тургундары менен жолугушту. Ага облустук мамлекеттик органдардын жетекчилери дагы катышышканын аталган институттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жашоочулар билим алуу, медицина жана башка жааттагы укуктары бузулуп жатканына арызданышты.

Акыйкатчы мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринен айтылган маселелерди дароо, ошол жерде чечүүнү талап кылды.

Жыйында майыптыгы бар аял көзүнө жаш алып, акыйкатчыдан анын укуктарын коргоп берүүнү өтүндү.

"Бишкектеги медициналык мекемелер дартымды так аныктап бере алышкан жок. Андыктан Казакстандын дарыгерлерине кайрылууга аргасыз болдум. Ал жерде мага көздүн тор кабыгынын катмарланып бөлүнүшү деп диагноз коюшту. Көзүмө өтө кымбат операция жасаш керек болуп жатат. Ансыз мен биротоло көрбөй калам. Мамлекеттен жардамга муктажмын. Эч кандай социалдык көмөк албайм, жадакалса даректүү социалдык жардамды бербей коюшту. Жанымда жалгыз эле апам бар. Ал дагы эки жолу инсульт алган, мага эч кандай колдоо көрсөтө албайт. Учурда эч жерде иштебейм. Балким, жардам суроого акым жоктур, бирок өтө муктаж болуп турам”, - деп кошумчалады ал.

Акыйкатчы мамлекеттик мекемелерге аялдын укугун камсыз кылуу талабын койду. "Калктын аярлуу катмары мамлекет тарабынан колдоого муктаж. Алардын укуктарын коргоого биздин институт дагы өзгөчө көңүл бөлөт. Аларга жардам берүү үчүн бардык чараларды көрөбүз”, - деди акыйкатчы.

Жаманбаева ошондой эле Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын шарттары менен таанышты. 36 кишиге ылайыкташкан убактылуу кармоочу жайда акыйкатчы барган күнү 17 шектүү кармалып турган. Ал Ички иштер башкармалыгынын короосундагы өзүнчө имаратта жайгашкан. Акыйкатчы бир нече камерага кирип, кармалгандар менен баарлашты.

Белгилей кетсек, Талас облусунда тергөө абагы жок болгондуктан кармалгандар айыпталуучулар менен бирге олтурушат. Акыйкатчы камакка алынгандарды кармоо шарттары боюнча эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга ылайык Министрлер кабинетин Талас облусунда Тергөө абагын куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан