Эвандер Холифилд Майк Тайсонду үчүнчү беттешке чакырып, жообун алды

62 жаштагы мурдагы мушкер Эвандер Холифилд 58 жаштагы Майк Тайсонду үчүнчү ирет беттешүүгө чакырды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Бул эки мушкердин буга чейинки беттештери бокс тарыхындагы эң белгилүү беттештердин бири болуп саналат. Биринчи беттеште Темир Майк нокаут менен утулса, экинчисинде Холифилддин кулагын тиштеп алып, узак убакытка бокстон четтетилген.

Жейк Пол менен Тайсондун беттешинен кийин Холифилд Тайсонду үчүнчү ирет беттешүүгө чакырып, муну күйөрмандар чыдамсыздык менен күтүп жатат деген.

Ага Тайсон "сизди абдан жакшы көрөм, бирок үчүнчү беттеш достугубуз эле болсунчу" деп жооп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан