Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташып бара жатып чылым чеккен коомдук транспорттун айдоочусуна айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айдоочуга Укук бузуулар кодексинин 83-беренесине ылайык (Белгиленбеген жерлерде тамеки тартуу) 3 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Буга чейин аталган окуянын видеосу социалдык тармактарга тараган эле.