Бишкекте бокс боюнча өлкө чемпиондугу башталды

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугу өтүп жатат. Бул маалыматты Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Мелдеште республиканын бардык аймактарынан келген 103 спортчу ат салышууда.

Салтанаттуу ачылыш аземине Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, бокс федерациясынын өкүлдөрү катышты.

Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Бокс федерациясы тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат: Эркектер: 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 килограмм; Кыз-келиндер: 48, 50, 52, 54, 57, 60, 63, 66, 70, 75, 81, +81 килограмм.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан