Бишкек-Ош унаа жолунун "Төө-Ашуу" ашуусундагы тоннель убактылуу бир тараптуу жабылат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында Кусеин Көлбаев атындагы тоннель бүгүн саат 15:25тен тарта бир тараптуу убактылуу жабылып, ачылып турат.
Мындай чечим тазалоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынганы маалым болду.
Кошумча маалымат берилет.