Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мурдагы коргоочусу Азамат Байматов футболдогу карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте өтө турган Кыргызстан Иран беттеши башталар алдында айтты.
Оюн алдында стадиондо аны узатуу аземи өттү. Анда Байматов күйөрмандарга ыраазычылыгын билдирди.
34 жаштагы Азамат Байматов 2010-жылдан 2022-жылга чейин футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын курамында ойногон.