"Ак шумкарлар" кыл чайнашкан оюнда Иранга утулуп калды

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Иран курамасын Бишкекте кабыл алып, 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.

Кыргыз курамасынан 2 голду тең чабуулчу Жоэль Кожо киргизди.

Муну менен Кыргыз курамасы тайпада кезектеги упайын жоготуп, 5-орунга жайгашты.

Белгилей кетсек, бул Кыргыз курамасынын 2024-жылдагы акыркы оюну. Кийинки оюндар ушул эле Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу алкагында жаз айында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-11-19 23:18:00
Картайып калган футболчулар жаш күчтүү оюнчуларга орун бергиле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан