Калкты тейлөө борборлору кайсы тармактар боюнча онлайн кызмат көрсөтөт? (тизме)

Tunduk мобилдик тиркемесинде Калкты тейлөө борборлорунун жаңы бөлүмү пайда болду. Бул туурасында кечээ, 19-ноябрда аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, бул бөлүм борбордун кызматтарын бириктирип, онлайн режиминде керектүү кызматтарды оңой табууга жана пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.
Бул бөлүмдүн жардамы менен төмөнкү эң көп талап кылынган кызматтарды пайдаланса болот:
- КТБга онлайн жазылуу – КТБга барууда өзүңүзгө ылайыктуу убакытты тандап, кезектерден арылыңыз.
- Каттоо – эгер сиз турак жайдын ээси болсоңуз, башка жарандарды, алардын ичинде балдарды онлайн режимде каттай аласыз.
- ID-паспортту алмаштыруу – КТБга барбастан паспортту алмаштырууга арыз тапшырыңыз.
- ЖААК документтерин санариптештирүү – жарандык абалдын актыларын санариптештирүүгө арыз тапшырыңыз (туулгандыгы тууралуу, нике жана башкалар)
- Катталган жарандар тууралуу маалымкат – өзүңүздүн дарегиңиз боюнча канча адам катталгандыгын билиңиз.
- Күбөлүктү кайра алуу – онлайн режимде жарандык абалдын актыларынын документтерин өзгөртө аласыз.
- Жарандык абалдын актыларынын көчүрмөсү – актылардын ичинен туулгандыгы тууралуу, нике, ажырашуу жана башка документтердин көчүрмөсүн алыңыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан