
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Социалдык контракт" программасынын катышуучулары бизнес-долбоорлор үчүн кайсы багыттарды тандап жатканын айтып берди. Бул туурасында мекеменин басма сөз кызматы маалыматтар менен бөлүштү.
Маалым болгондой, аталган кызматтын 69,6 пайызы айыл чарба тармагында иш жүргүзүп, мал чарбачылыгы, дыйканчылык, балчылык, күнөскана, тоок ферма куруу менен алектенүүдө.
Ал эми 13,1 пайызы тигүү, темир-бетон буюмдарын жана терезелерди чыгаруу, самын жасоо, кургатылган жемиштерди чыгаруу, эмерек цехи сыяктуу багыттарды тандашкан.
Ошондой эле 7 пайызы соода менен алектенсе, 6,8 пайызы кызмат көрсөтүү багытын тандашкан.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда үч жылда 32 миңден ашуун үй-бүлө социалдык контракт түздү.