Бүгүн, 20-октябрга карата Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 12 миллиард 968 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКсынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 267 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 536 куб метрди түзүүдө.
Белгилей кетсек, бир ай мурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 миллиард 254 миллион куб метрди түзгөн.