Бишкекте каракчылыкка шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында милиция кызматкерлери тарабынан 27 жаштагы жаран каракчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.

Маалым болгондой, 7-ноябрда Бишкек шаарынын Ленин РИИБине А.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол күнү түндө Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанында белгисиз адам курч буюм менен коркутуп, күч колдонуп, 2500 сом акчасын жана баасы 14 миң сомду түзгөн Redmi Note 7 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, качып кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 1997-жылы туулган А.Ш. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан