Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясынан келген курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул туурасында кечээ, 19-ноябрда мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар заманбап, талаптарга ылайык шаар инфраструктурасын жакшыртуу, жаңы кичи райондорду куруу боюнча эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
"Коноктор шаардын инфраструктурасын жана административдик-территориялык реформанын алкагында кошулган аймактарды өнүктүрүүгө салым кошууга даяр экендиктерин билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгы менен өз ара байланыштарды өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча сүйлөшүлдү", - деп айтылат маалыматта.