Лейлекте мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Баткен облустук милициясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Мурас айылынын Чоң-Дөбө жайлоосунда, Кең-Талаа айылынын 59 жаштагы Б.К. аттуу тургуну 12 калибрдеги эч жерде каттоодо турбаган сайсыз ок атуучу курал менен мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жеринен кармалган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) сотко чейинки өндүрүш иши башталып, алынган ок-дарыларга жана ок атуучу куралга тийиштүү экспертизалар дайындалды.