"Вефадагы" кафеден өрт чыгып, адамдар эвакуацияланды

Бишкектеги "Вефа" соода борборунда чыккан өрт чектөөгө алынып, өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган жайдын 3-кабатында жайгашкан "Oz Huzur Sukuret" кафесинен өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 10:17де Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 2 бөлүм жана 1 автошаты тартылган.

"Кафенин аба сордургучунан чыккан өрт саат 10:46да чектөөгө алынып, саат 10:52де толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 15 чарчы метр. Соода борбордон 150дөй адам эвакуацияланган. Жабыркагандар жок", - деп билдирди ӨКМ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан