Маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, кылмыш дүйнөсүндө "Рус коён" жана "Руслан Бостери" каймана аттары менен таанымал болгон Руслан Дүйшеев кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 16-ноябрь күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жашырынып жүргөн жеринен колго түшкөн. Атайын кызмат колго тийген маалыматтарына таянып, Дүйшеев УКМК жетекчилигине кол салууну уюштуруу планын иштеп чыкканын маалымдады.
"Дүйшеев 1983-жылы Ысык-Көл районунун Бостери айылында туулган. Көлбаевдин жакын адамдарынын бири болуп Бостери айылын караган. Мурда каракчылык, адам өлтүрүү сыяктуу оор жана өзгөчө оор кылмыштар менен соттолгон", - деп айтылат маалыматта.
УКМК иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен Дүйшеевге уюшкан кылмыштуу топту түзгөн жана ага катышкан деген айып тагылып, тергөө абагына киргизилгенин кошумчалады.