Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Кабарлангандай, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-17 метрге жетет.

"Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Өзгөчө электр чубалгыларынан жарнама калкандарынан, бак-дарактардан алыс, коопсуз жайларда болуңуздар", - деп айтылат анда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан