ӨКМ Жумгалда жоголгон 9 жаштагы баланы издөө боюнча маалымат берди

Жумгал районундагы Өрнөк айылында мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгон 9 жаштагы баланы издөө иши улантылууда. Бул боюнча ӨКМ бүгүн, 20-ноябрда маалымдады.
Белгилей кетсек, 16-октябрда Өрнөк айылында 49 жаштагы Болот Карыпбеков 9 жаштагы уулу менен мал кайтарганы кетип, дайынсыз жоголгон. Алардын аты Көкөмерен дарыясынан табылып, кайтарып жаткан малы чачырап кеткени белгилүү болгон. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери 19-октябрда башталган. Ал эми 14-ноябрь күнү Болот Карыпбековдун сөөгү табылган.
Бүгүн Көкөмерен дарыясынан издөө иштерин координациялоого Жумгал райондук №43 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан