Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эртең, 21-ноябрда республиканын көпчүлүк аймактарында жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0 ... +5, күндүз +5 ... +10,
Талас облусунда түнкүсүн +1 ... +3, күндүз +6 ... +8,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +2 ... +4, күндүз +10 ... +12,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1 ... -3, күндүз +7 ... +9,
Нарын облусунда түнкүсүн -4 ... -6, күндүз +1 ... +3,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2 ... +4, күндүз +8 ... +10 градус жылуу болот.