Сузакта 23 жаштагы жаран мал уурулукка шектелип кармалды

Сузак районунда жети баш кой уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Сузак районунун 45 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал базар баасы менен алганда 80 миң сомдук жети баш кой уурдатканын айткан. Бул факты боюча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары Сузак районунун 23 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдө ал жеңил пайда табууну көздөп аталган ишке барганы аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан