
Арал постунда 20-ноябрга караган түнү саат 3:30да оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, №23 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунун 209-255-чакырымдар аралыгын (Ала-Бел ашуусу) тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө.
"Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында кар жаап жатат, каттам бар. Тазалоо, инерттик материалдарды чачуу жумуштары Өтмөк жана Төө-Ашууда да аткарылууда, азыркы тапта унаа кыймылына чектөө жок. Жети дубан жолдорун караган Жол тейлөө ишканалары кырдаалга жараша ыкчам аракет көрүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик унаа башаруучуларды каршы тилкеге чыкпоого, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.