Абхазиянын вице-президенти республиканын башчысынын милдетин аткарууга киришти

Аслан Бжания отставкага кеткенден кийин Абхазиянын вице-президенти Бадра Гунба мамлекет башчысынын милдетин аткарууга киришкенин республиканын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

"Мен Абхазиязиянын президентинин ыйгарым укуктарын жана милдеттерин аткара баштадым", - деди Гунба өзүнүн Telegram каналында.

Ошондой эле бардык жетекчилерге жана мамлекеттик органдарга өз милдеттерин республиканын мыйзамдарына ылайык аткаруу боюнча тапшырмаларды берди.

Гунба Абхазиянын башчысы Аслан Бжанияны кызматтан кетирүү тууралуу элдик жыйындын чечимине байланыштуу убактылуу президенттин милдетин аткаруучу болуп шайланган.

Аслан Бжания бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүсүндө жетишилген макулдашууларга ылайык отставкага кетүү тууралуу арыз жазган. Митингчилер жооп иретинде басып алган өкмөттүк имараттарды бошотууга убада беришкен.

Эске салсак, Абхазиядагы нааразылык акциялары мындан бир жума мурун башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан