Быйыл Сауд Арабиясы чет элдиктерди рекорддук санда өлүм жазасына тартты

Быйыл Сауд Арабиясы 101 чет өлкөлүк жаранды өлүм жазасына тартканын чет элдик басылмалар жазууда.

Франс Пресс агенттигинин маалыматына караганда, быйылкы жыл аягына чыга элек болсо дагы бул көрсөткүч 2023 жана 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик үч эсеге көп. Ошондой эле маалымат каражаты өлүм жазасына тартылган 101 чет элдиктин акыркысы Йемен мамлекетинин жараны экенин белгилейт. Ал баңгизат ташууга айыпталып соттолгон. Ага карата өкүм 16-ноябрь күнү өлкөнүн Наджран окуругунда аткарылган. Падышачылыкта мындай жазага туш болгондордун сап башында пакистандыктар турат.

Эл аралык мунапыс уюмунун маалыматы боюнча, мунайга бай өлкө былтыр дүйнөдөгү туткундардын саны боюнча Кытай менен Ирандан кийинки үчүнчү орунга жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан