Бишкек шаарында Чүй проспекти менен 7-Апрель көчөсүнүн кесилишиндеги жол унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 17-ноябрда саат 02:30да Чүй проспектиси менен 7-Апрель көчөсүнүн кесилишинде жылуулук тармактын түтүгү жарылган.
Ишкананын кызматкерлери окуя болгон жерге тез арада барып, жарылган жерде оңдоо иштери дароо башталган. Бул иштер шаар тургундарынын үйлөрүнүн жылуулугун өчүрбөстөн аткарылды.
"Адистер бир сутканын ичинде жарылган түтүктүн бөлүгүн алмаштырып, казылган жерди толтуруп, жолдун үстүн калыбына келтирип, жаңы асфальт төшөдү", - деп айтылат маалыматта.