Бүгүн, 20-ноябрда Бишкекте Борбордук Азия ЖОЖдорунун ректорлорунун форуму өтүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чара "Глобалдуу маселелер маалында Борбор Азия университеттеринин өзгөрүшү" деген аталышта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата уюштурулган.
Форум министр Догдуркүл Кендирбаеванын куттуктоо сөзү менен башталды. Министр өз сөзүндө университеттер инновациялардын жана туруктуу өнүгүүнүн борбору болушу керектигин белгилеп өткөн.
Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген коноктор билим берүүнү, илимди жана бизнести интеграциялоо, өнөктөштүктү илгерилетүү сыяктуу бир катар маселелерди талкуулашкан.