Баткенде IPhone’дорду жасалма чекке сатып алып жүргөн шектүү кыз кармалды

Кызыл-Кыя шаарындагы соода борборлорунун биринде жарандарды алдап жүргөн 22 жаштагы кыз Оштон кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун 32 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал Кызыл-Кыя шаарындагы ири соода борборунун биринде белгисиз кыз IPhone 11 телефонун 23 миң сомго баалап, банктардын биринин жасалма чек тиркемесин көрсөтүп, алдап кеткенин айткан. Ушундай эле арыз менен милицияга Кадамжай районунун 29 жаштагы тургуну дагы кайрылып, iPhone 14 телефонун белгисиз кыз 62 миң сомго баалап, 10 миң сомун накталай берип, калган 52 миң сомду которгон чекти көрсөткөнүн, кийин ал чек жасалма болуп чыкканын билдирген.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Ош облусунун Алай районунун 22 жаштагы тургуну кармалып, Баткенге алып келинген.

Облустук милиция учурда ал убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан