Бүгүн, 20-ноябрда Бишкек шаарындагы Москва көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, өчүрүлдү. Бул тууралуу маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына тастыктады.
Маалыматка ылайык, аталган турак үйдөгү өрттү өчүрүүгө саат 15:32де ӨКМден бир бөлүм, бир автошаты тартылган.
Тилсиз жоо саат 16:08де толук өчүрүлгөнү маалым болду.