Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектелип 27 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 20-ноябрда шаардык милициядан тастыктады.
Маалыматка ылайык, милицияга 17-ноябрь күнү саат 09:00 чамасында Масалиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Маалыматты тактоо үчүн жерине ыкчам тергөө тобу барып, Баткен облусунун 36 жаштагы тургуну киши колдуу болуп каза болгондугун аныкташкан.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен каттоого алынып, шектүү катары аны менен чогуу жашаган Ош облусунун Кара-Суу районунун 27 жаштагы тургуну кармалган. Суракта ал курбусу менен спирт ичимдигин ичип отуруп чырдаша кеткенин, маркумду спорттук шымынын бел боосу менен муунтуп өлтүргөнүн айткан.
Шаардык милиция учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин, тиешелүү экспертиза дайындалганын жана тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.