Белгисиз адамдар УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге билдирүү жазылган папканы жөнөтүшкөн. Бул тууралуу ал маалымат жыйынында билдирди.
"Бүгүн эртең менен мен жумушка келсем, менин дарегиме ушундай папка келиптир. Ичинде пломбаланган конверт бар экен. Конверттин ичинде жалгыз гана флешка салыныптыр. Башка эч нерсе жок экен. Бул флешканы президентке анан силерге эле көрсөтүп жатам", - деди Ташиев.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы катта өзүнө жана анын үй-бүлөсүнө коркутуулар болгонун кошумчалады.