Камчыбек Ташиев ага жана Садыр Жапаровго бир нече кол салуулар даярдалганын айтты

Өлкө башчы Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан бери ага эки жолу кол салуу аракети аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында айтты.

"Өлкө башчысына эки жолу кол салуу пландалган, бирок биздин кызматкерлер ага бөгөт коюшту. Жеке мага каршы да кол салууга даярданышкан. Алардын бири мен айдап бара жаткан жолго жардыруучу зат орнотуу болгон. Мындай коркутуулар азыр да уланууда", - деп белгиледи Ташиев.

Ал ошондой эле маалымат жыйында аны коркуткандарга кайрылды.

"Мен бул коркутуулардын артында тургандарга айткым келет. Менин ишим өлкөнүн жыргалчылыгына багытталган. Он миллиондогон доллардан баш тартканыма ачууланып жаткандырсыңар. Бирок билип койгула, биздин өлкөдө ОПГларга жана олигархтарга орун болбойт. Мени жок кылсаңар, кайра кайтып келе аласыңар, бирок мен тирүүмүн, бул жолдон кайтпайм", - деди Камчыбек Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан