Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы “Арал” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө бүгүн, 20-ноябрда саат 17:55тен тартып убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кыраалдар министрлиги кабарлады.
"Бишкек-Ош унаа жолунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында №23 жол тейлөө ишканасынын сунушу боюнча убактылуу жабылды.
Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти ӨКМдан.