Исландияда жанар тоо атыла баштады. Адамдар эвакуацияланууда (видео)

Жанар тоо Исландиянын түштүк-батышындагы Рейкьянес жарым аралында атыла баштаганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Жардам берүү кызматы Гриндавик шаарынын жана "Блю Лагун" геотермалдык курорттук комплексинин тургундарын эвакуациялоодо.

Журналисттердин маалыматы боюнча, жанар тоо атылышы жергиликтүү убакыт боюнча 20-ноябрда саат 23:24тө башталган.

Исландияда 33 активдүү жанар тоо системасы бар. 2021-жылдан бери Рейкьянес жарым аралында бир нече атылуулар болгон: 2021-жылдын мартында, 2022-жылдын августунда, 2023-жылдын июлунда, ошондой эле ушул жылдын январь, март, май жана август айларында.

Исландияда жанар тоо атылууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан