Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Ош облусунун экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдардын жылытуу мезгилине карата даярдыгы боюнча жыйын өткөрүлдү. Бул туурасында кечээ, 20-ноябрда президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекеттик ведомстволордун облустагы өкүлчүлүктөрү, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер, көмүр казуучу компаниялардын жетекчилери катышкан жыйында, жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүү, калкты жана мамлекеттик мекемелерди, социалдык объекттерди жетиштүү көмүр жана үзгүлтүксүз энергия менен камсыз кылуу маселелери каралды.
Ошондой эле Бакыт Төрөбаев Ош шаардык Жылуулук электр борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты, анда жабдыктардын абалы жана көмүр корунун жетиштүүлүгү текшерилди.
Жыйынтыгында тармактык мамлекеттик ведомстволорго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар тапшырмалар берилгендиги маалыматта кошумчаланган.