Бүгүн, 21-ноябрда Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Андагы маалыматка ылайык, чектөө саат 08:30дан тарта алынган.
Ошондой эле жолду кардан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери кызуу жүрүп жатканы айтылды.
"Урматтуу айдоочулар, ашуу тилкелерге сөзсүз кышкы дөңгөлөк менен чыгуу керек. Дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, 500 метр аралыкты сактаңыздар!" - деп эскертти министрлик.
Белгилей кетсек, чектөө кечээ, 20-ноябрда саат 15:30да киргизилген.