Бишкектин тургундары таштанды үчүн төлөмдү онлайн жүргүзсө болот (видео)

Бишкекте "Тазалык" муниципалдык ишканасына катуу тиричилик калдыктары үчүн төлөмдү жүргүзүү жөнөкөйлөтүлдү. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, ал үчүн "Менин шаарым" тиркемесин жүктөп алуу кажет.
"Андан соң “Кызматтар”, анын ичинен “Коммуналдык кызматтар” бөлүмүнө кирип, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын “Санариптик дүмүрчөк” бөлүгүн тандайсыз.
Ал жерден жеке эсепти жазсаңыз, сиздин канча акча төлөй турганыңыз толук көрсөтүлөт.
Ушул жерден акча төлөп, дүмүрчөктү сактап алсаңыз болот. Үйдөн же жумуштан чыкпай эле убакытты үнөмдөө менен коммуналдык төлөмдөрдү жүргүзүңүз", - деп айтылат маалыматта.
21.11.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан