Жан дүйнөнү кантип тынчтандырабыз? Психолог кеңеш берет

Бакыт – бул жан дүйнөнүн тынчтыгы. Ага жетүүнү жолдору тууралуу SUPER.KG медиа порталынын #Азыр рубрикасынын алкагында психолог Айжаркын Таштанова айтып берет.

- Көпчүлүк адамдардын стрессте, кыжалат жүргөнүн байкайбыз. Бул эмне менен байланыштуу?

- Биздеги эң чоң кыжалатчылык – бул атадан, ападан байланыштын үзүлүп калганынан келет. Муну практикамдын аркасында байкадым. Биз качан апа менен жакшы байланышты түзсөк ошондо жан дүйнөбүзгө тынчтык келе баштайт. Анткени биз апанын курсагынан чыктык да. Физикалык байланыш боло берет, бирок эмоционалдык жактан байланыш үзүлүп калат. Бактын тамыры бар, бирок тамырыңдан туура эмес болуп жатса мөмө чыгара албайсың. Демек, эң башкы нерсе ата-эне. Алар менен мамилени жакшыртканыбызда калган нерсе ордуна келе берет.

- Сиз айтып жаткан абалдан кантип чыкса болот, ар бир адам өз алдынча ишке ашыра алабы?

- Албетте, ашыра алат. Алгач адам негативдүү эмоцияларды өзүнөн чыгаруу үчүн дем алуу техникасын сунуштайын. Абаны терең дем алуу менен ичибизге 10-20 секунд кармап анан чыгарабыз. Бул көнүгүүнү күнүнө 5-10 мүнөт жасаса адамда аябай жакшы өзгөрүү болот. Мындан сырткары жазуу ыкмасын да аткарсак болот. Анда тынч жайды таап алып, ошол көйгөйдү элестетип, өзүнө суроо берип жообун кагазга түшүрө бериш керек. Улам баарын эстеп жаза бергенде негизги көйгөй табылып, ошол эле учурда трансформация да боло берет.

- Жан дүйнө тынчтыгы деген эмне?

- Жан дүйнө тынчтыгы – бул бактылуулуктун эң башкы ачкычы. Жан дүйнөнүн тынчтыгын издеген адам дайыма позитивдүү эмоцияда жашаганы, өзүн таанып билүүсү, алдыга койгон максатына умтулуп жашаганы болот. Жан дүйнөбүз тынч болгондо максатка оңой жете алабыз жана максатка жете турган жол бизге бактылуулук жаратат. Көпчүлүк максатка жетсем анан бактылуу болом деп ойлонот. Жок, тескерисинче, биз максатка бара жаткан жолдо бактылуу болсок бат жете алабыз. Анткени бактылуулук бизге көп энергия тартуулайт. Адамдын жан дүйнөсүндө жакшы эмоциялар (ред.: кубануу, сүйүнүү, ырахаттануу) көп болсо ал жан дүйнөнүн тынчтыгында жашаган болот.

- Ал абалга жетүү үчүн кандай кадамдарга барышыбыз керек?

- Ал абалга жетүү үчүн биз биринчи кезекте терс ойлорубузду, терс эмоцияларыбызды жоготушубуз керек. Андыктан дайыма позитивдүү ойлонгонго аракет кылуу зарыл. Терс эмоциялар жан дүйнөбүздү жабыркатат. Ал эми күн сайын жакшы маанайда жүрүү үчүн эртең менен турганда дененин энергиясын көтөрүү керек. Ал үчүн бийлөө, гимнастика, чуркоо жана ар кандай көнүгүүлөрдү сунуштайт элем. Мындай кадамдар кан айланууну жакшыртат дагы, маанайыбызды көтөрөт. Эртең менен турганда сизде 15-20 пайыз эле энергияңыз болсо, ал кечке чейин сизге жетпей калышы мүмкүн. Таң эрте 70-80 пайызга көтөрүп койсоңуз кечке чейин жакшы маанайда энергиялуу жүрөсүз.

Мындан сырткары сизди эмне бактылуу кылса ошол нерселерди да кагазга түшүрүп, аны ишке ашыруу туура болот. Мисалы, кээ бирлер баскандан бактылуу болсо, дагы бири ырдагандан, башкасы адамдар менен баарлашканда дегендей. Ар бир адам өзүн байкап, эмнеден ырахат, бакыт алса, ошол нерсеге көбүрөөк басым жасаганы туура болот. Бул эми күн сайын жасай турган нерселер. Бирок толук кандуу жан дүйнөмдү жакшыртып, дайыма жогорку энергияда жүрөм деген адам өзүн изилдеп, жан дүйнөсүндөгү көйгөйлөрдү таап, аларды дарылаганы туура болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан