
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги акыркы 10 айда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулга 529,8 миллион сом каражат бөлгөн. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Министрлер кабинетинин 1-январдагы токтомуна ылайык, 11-жумушчу күндөн тартып өлкөнүн тегиз жерлеринде иштеген аялдар үчүн бул жөлөк пулдун өлчөмү эки эсеге көбөйтүлүп, болжол менен 7500 сомду түздү. Өткөн жылы жөлөк пулдун суммасы 3500 сом болчу.
"Бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы аймактарда иштеген аялдар үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул толук эмгек акынын өлчөмүндө, башкача айтканда, бардык жумуш күндөрү үчүн эмгек акынын 100% төлөнөт.
1-ноябрга карата кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул 25 857 аялга төлөнгөн", - деп айтылат маалыматта.