Бишкекте жол кырсыгына себепчи болуп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-октябрь күнү болжол менен саат 04:40 чамасында Ахунбаев көчөсү менен бара жаткан айдоочу Курчатов көчөсүнүн кесилишинде токтоп турган Toyota Prius, Mercedes-Benz W124, Volkswagen Sharan унааларын сүзүп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка кетип калган.
Издөө иштеринин жыйынтыгында качып кеткен 24 жаштагы Т.К. аттуу айдоочу кармалган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.