Ноокат районундагы милиция кызматкерлеринин пикир келишпестиги Жогорку Кеңешке жетти

Ош облусундагы Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Талгат Өскөналиевге ишенбөөчүлүк көрсөтүшүүдө. Бул туурасында бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Бакытбек Марипов айтып чыкты.

Эл өкүлү жаралган жагдайды ыкчам текшерүү керектигине токтолду.

"Ноокат районунун ички иштер бөлүмүндө пикир келишпестик орун алып, бул окуя социалдык баракчаларда чоң резонас жаратууда. Эл милицияга ишенип турса, аларда ич ара келишпестик орун алууда. Ушуга бир ыкчам чара көрүлүп, тапшырма берсеңиздер. Жетекчиликке ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатышат, дагы башка кылмыштар бар дешет. Эми ушунчалык болгондон кийин жетекчинин иштегенге укугу барбы же жокпу? Ушул боюнча бир иликтеп чыгып, тапшырма бериш керек", - деди депутат.

Белгилей кетсек, Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору Тимур Абдисатар уулу райондук милициянын жетекчиси боюнча билдирүү таратып, ал кол астындагыларга басым кылып келе жаткандыгын айткан. Бул арада Ички иштер министрлигинде аталган окуя боюнча комиссия түзүлгөндүгү белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан