Кыргызстандык режиссёр Дастан Жапар уулунун "Качкын" тасмасы 24-30-ноябрь күндөрү Казакстанда өтө турган XVII Евразия эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кыргызфильм киностудиясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган тасма кинофестивалга катышууга жолдомо алган. Тасма кинофестивалдын "Борбор Азия жана түрк тилдүү мамлекеттер" сынагында "эң мыкты тасма" наамы үчүн ат салышат.
Ошону менен катар "Качкын" тасмасы учурда АКШдагы Х Азия дүйнөлүк кинофестивалына жана Индияда 55-ирет өтүп жаткан Эл аралык Индия кинофестивалына да катышып жатат.