Өлкөдө тиркемелер аркылуу акча которууда комиссия алуу убактылуу токтотулат

Кыргызстанда тиркемелер аркылуу акча которууларга комиссия алуу убактылуу жоюлат. Бул туурасында Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, комиссия алууга тыюу салуу 25-ноябрдан 31-декабрга чейин күчүндө болот.
- Чектөө мобилдик тиркемелер жана интернет банкинг аркылуу которууларга жайылтылат;
- Терминалдар аркылуу которууларда комиссиялык төлөмдөргө чектөөлөр жок;
- Кыргызстандын аймагында сом менен которууларга колдонулат;
- Эл аралык төлөм системаларынын карталарына которууларга жайылтылат;
- Тыюу салуу улуттук валютадагы акча которууларга гана тиешелүү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан