22-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат 

Эртең, 22-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалым болгондой, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +1…+6,

Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2.

Бишкек шаарында түнкүсүн +5…+7, күндүз +11…+13 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан