Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну алтын издеп жайыт жердин кунарлуу катмарын бузган. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Айыл чарба министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган аймактагы Сарча тилкесинен А.Н. аттуу жаранга Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан кен казып алууга күбөлүк берилген. Анда тургун күбөлүктө көрсөтүлгөн 0,5 гектар жерден сырткары 0,34 гектар жерди казып салып, жайыт жердин кунарлуу катмарын бузган.
Натыйжада жерди мыйзамсыз бузганы үчүн 261 миң сом доо коюлуп, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 241-беренесине ылайык, 5500 сом айып салынды.