Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында мектепте меш жарылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда ӨКМден билдиришти.
Маалым болгондой, окуя кечээ саат 19:45тер чамасында болгон.
Окуянын кесепетинен 35 жаштагы жумушчу К.Б.ны бетон басып калган. Ал урандылардын астынан чыгарылып, ооруканага жеткирилген.