Ноокаттагы милиционерлердин чыры бир нече жетекчини кызыматынан алып түштү (тизме)

Ош облусунун Ноокат районундагы ички иштер бөлүмүнүн башчысы Талгат Өскөналиев төмөндөтүү менен кызматтан кетсе, Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Темур Абдисатар уулу кызматтан биротоло бошотулду. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирип, түзүлгөн комиссиянын чыгарган чечимин жарыялады.
Мындан тышкары комиссиянын чечими менен райондук бөлүмдүн башчысынын орун басары Алмазбек Исраилов, кадрлар боюнча орун басар Бактияр Абдиев, облустук башкармалыктын кадрлар бөлүмүнүн башчысы Асан Сатаров ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду.
Ал эми башкармалыктын башчысынын кадрлар боюнча орун басары Ашырбек Ахуновго эскертүү берилди.
Ага улай бир катар кызматкерлерге каттуу сөгүш жарыяланды. Алар:
- Ош ОИИБинин башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары Эрнист Бекташов;
- Ош ОИИБинин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары Нургазы Увалиев;
- Ош ОИИБинин башчысы Нурланбек Бурканов;
- Ош ОИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Таалайбек Алымов.
Ошондой эле ИИМдин ИИКтин Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иштер башкармалыгынын башчысы Улукбек Жамановго сөгүш тартиптик жазасы берилгендиги маалыматта кошумчаланган.
Белгилей кетсек, аталган облустун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысына ишенбөөчүлүк көрсөтүшүп, пикир келишпестик орун алып жаткандыгы бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн.
Бул арада ИИМ тийиштүү комиссиялык топ жеринде иш алып барып жаткандыгын айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан