Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компания салып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштерин өлкөдөн чыгарылган курулуш каражаттарынын бардыгы колдонулуп жатканын билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда берген маалымат жыйынында айтты.
"Цемент, кыш, газоблок өзүбүздөн чыккандыктан ошолорду алабыз. Андан сырткары, мына өлөдө лифт чыгып жатат. Бардык имараттарга өлкөдөн чыккан лифттерди коюп жатабыз. Сыртына колдонулчу каражаттарды Канттан алабыз. Жылуулоо үчүн колдонулуучу базальтты дагы Кыргызстандан алабыз. Бишкектеги заводдон чыккан кафелди колдонуп жатабыз", - деди президенттин иш башкаруучусу.
Туманбаев ал эми арматура менен эшиктер Орусиядан алып келинерин белгиледи.