Өлкөдө эки жогорку окуу жай студенттерди Улуу Британияга сезондук иштерге жөнөтүүгө келишим түздү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору британиялык “HOPS Labor Solutions Ltd” оператору менен биргеликте Талас мамлекеттик университети жана Ош технологиялык университети менен кызматташуу келишимине кол койду. Бул тууралуу кечээ, 21-ноябрда ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, кызматташуунун максаты – Улуу Британияда сезондук айыл чарба иштери программасынын алкагында студенттердин стажировкаларын уюштуруу.
"Келишимдин шарттарына ылайык, аталган университеттердин каалаган студенттери жай мезгилинде Улуу Британияда эмгек акы төлөнүүчү стажировкадан өтүүгө кошумча мүмкүнчүлүк алышат. Бул пилоттук долбоор 2025-жылга карата пландалууда", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан